Акыркы төрт жылдын ичинде Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда экономикалык карым-катыш, туугандык мамиле жакшырып, достук алакабыз бийик деңгээлге көтөрүлгөнүнө күбө болуп жатабыз. Биргелешкен ишканалар түзүлүп, чек аралар чечилип, стратегиялык маанидеги темир жолдун курулуштары башталууда. Ошол ынак мамилени мындан ары карай өнүктүрүү багытында жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө пресс-турлар уюштурулууда.
Жай мезгилинде Өзбекстандын журналисттери Кыргызстанга келип, ажайып кооз жаратылышыбыз, туристтерге болгон меймандостугубуз менен таанышып кеткен. 11–15-октябрь күндөрү Кыргызстандагы жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү Өзбекстанга барып, Самарканд жана Ташкент шаарларынын тарыхый жерлерин, туристтик аймактарын кыдырышты.
Кыргызстандан барган журналисттерди аэропорттон Өзбекстан Республикасынын Президентинин алдындагы маалымат жана массалык коммуникациялар агенттигинин директору Асаджон Ходжаев менен Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Муса Жаманбаев тосуп алышты.
Алгачкы күнү кыргыз журналисттери ылдам жүрүүчү поезд менен Ташкенттен Самарканд шаарына сапар тартып, 286 чакырым аралыктагы жолду 2 саат 15 мүнөттө басып өтүштү. Биздин заманга чейинки VIII кылымдан берки тарыхы бар Самарканд шаарында Гур-Эмир мавзолейи, Регистан ансамбли, Биби Ханым мавзолейи, «Улуу Жибек Жолу» туристтик борбору, Афросиаб музейи, Мирзо Улугбектин обсерваториясы жана Шахи Зинда мавзолейинде болушту. Аркы жагы 11 кылым, бери жагы 6 кылымдык тарыхы бар курулуштар өзгөчө таасир калтырды. Көргөнгө татыктуу, суктанарлык жерлер экенин айтып коюшубуз керек.
Экинчи күнү журналисттер деңиз деңгээлинен 2494 метр бийиктикте жайгашкан, жалпы аянты 900 гектарды түзгөн “Амирсой” тоо-курорттук аймагы менен таанышып, андан кийин Ташкенттеги соода байланышынын жүрөгү болгон Чорсу базарына барды. Эки миң жылдан ашык тарыхы бар Чорсу базары учурда Өзбекстандын негизги туристтик жайларынын бирине айланып, Ташкенттин маданий мурастарынын бири катары кызмат кылууда.
Үчүнчү күнү Кыргызстандан барган маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү Өзбекстандын Президенттик администрациясына караштуу маалымат жана массалык коммуникациялар агенттигинин ишмердүүлүгү менен таанышышты. Аталган агенттиктин директорунун биринчи орун басары Дилшод Саиджанов бир катар маселелер боюнча кеп козгоп, бийлик менен элдин ортосундагы байланышты заман талабына ылайыкташтырганын белгиледи. Урунттуу учурун айтсак, жазылган катка жоопту буга чейинкидей 2 жумада эмес, 1 саатта же 3 саатта, ашып барса 1 күндө бердирүү ыкмасын ишке ашыра баштаганын билдирди.
Андан кийин журналисттер үй-бүлөлүк Sevimli.tv телеканалына барып, жети жаштан жетимиш жашка чейинки көрүүчүлөргө өз кызматын аткарган чыгармачыл жамаат менен баарлашты. Түзүлгөнүнө 8 жыл болгон Sevimli.tv жеке телеканалында 600 адам эмгектенип, көрүүчүлөрүнүн саны 26 миллион адамды түзөт экен. Ошого катар ZorTV телеканалына барып, журналисттер андагы заманбап техникалык мүмкүнчүлүктөрдүн чоң жетишкендигине күбө болду. Телеканалдын өкүлдөрү билдиргендей, түстүү музыкалык система менен коштолгон 2 миң кишилик “Ренессанс холл” студиясы Орто Азия боюнча Ташкентте гана бар.
Сапардын алкагында журналисттер тарыхый жана туристтик жайларды көргөндөн сырткары өзбек медиаларынын иши менен жакындан таанышып, маалымат коопсуздугун камсыздоо тармагындагы кызматташуу маселелерин талкуулашты. Эки өлкөнүн маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү өз ара кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүгө кызыкдар экендиктерин билдиришип, мамлекеттер ортосундагы ынтымакты бекемдөөгө ар бирибиз салым кошушубуз керектигин белгилешти.
Зулпукаар Сапанов