Бул тууралуу Экономика министрлигине караштуу Туризм департаментинин директору Максат Усубалиев билдирди. Анын айтымында, 2024-жылдын биринчи жарымында туризм тармагына байланыштуу катталган субъектилердин саны 135,8 миң бирдикке көбөйгөн. 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырсак бул көрсөткүч 123,1 миң болгон. Максат Усубалиев ошондой эле үстүбүздөгү жылдын сегиз айында Кыргызстанга чек ара бекеттери аркылуу 6 миллион 143 миң чет элдик жаран келгенин айтты.