“Евразия” автономиялык коммерциялык эмес уюму Кыргызстанга дагы 50 мектеп автобусун белекке берет. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Россиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты, «Евразия» АНО кеңешинин төрагасы Алена Аршинова билдирди.
Эске салсак, атайын келишимдин алкагында «Евразия» буга чейин республикага заманбап коопсуздук стандарттары менен жабдылган 50 мектеп автобусун берген.