Кыргызстанда электрондук тамекини алып кирүүгө, колдонууга тыюу салынат. Тиешелүү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду. Мыйзамга ылайык электрондук чылымды колдонуу үчүн физикалык жактарга 10 миң сом, юридикалык жактарга 60 миң сом айып салынат. Вейптерди саткандар 20 жана 65 миң сомго, ал эми аларды өлкө аймагына ташып келгендер кылмыш жазасына тартылат. Мындай учурда айыптын суммасы 200 миң сомду түзүп, 2 жылга эркинен ажыратуу каралат. Жаштардын саламаттыгын камсыздоого багытталган мыйзам 2025-жылдын 1-июлунан тарта күчүнө кирет.