Азербайжан президенти Ильхам Алиев Кыргызстанга келди. Аны “Манас” эл аралык аэропортунан Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.
Ильхам Алиев Кыргызстанга эртең, 6-ноябрда Бишкекте өтө турган Түрк мамлекеттер уюмунун он биринчи саммитине катышуу үчүн келди.
Саммиттин ишине уюмга мүчө беш мамлекет – Азербайжан, Кыргызстан, Түркия жана Өзбекстандын лидерлери, ошондой эле уюмдун байкоочу өлкөлөрүнүн башчылары катышат