"Эркин-Тоо"

Кыргызстанга Кореядан унаа тетиктери мыйзамсыз ташылып келгени аныкталды

Кыргызстанга Кореядан жаңы унаа тетиктерин мыйзамсыз ташып келүүгө фактысы аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

«Түштүк-Батыш» бажысынын кызматкерлери тарабынан «А.Б.У» ЖЧКсынын дарегине Кореядан Hyundai, Land Rover, Spain автоунаасы, автоунаа тетиктери жана кыймылдаткычтар келип түшкөнү аныкталган.

Унааны текшерүү учурунда декларацияланбаган 4444 даана унаа тетиги табылган. Кармалган товардын жалпы салмагы 5592 кг түзгөн.

Аталган факты каттоого алынып, материалдар Ош облусунун прокуратурасына өткөрүп берилди.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!