"Эркин-Тоо"

Кыргызстанга кызамык-кызылча вакцинасынын 755 миң 500 дозасы келди

12-сентябрда Кыргызстанга кызамык-кызылча вакцинасынын 755 миң 500 дозасы келди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалымтка ылайык, вакциналарды өткөрүп берүү боюнча иш-чарага Саламаттык сактоо министрлигинин, Кыргызстандагы БДСУ, ЮНИСЕФ жана УКАК өкүлдөрү катышты.

Кызылча-кызамык вакцинасы (ККВ) – бул кызамык жана кызылчага каршы тирүү лиофилизацияланган (кургак) аралаш вакцина, ал ийиндин мүрү булчуңуна тери астына куюуга гана арналган. Иммунизациядан кийинки мүмкүн болгон кыйыр көрүнүштөр — инъекция жасалган жердеги кызаруу жана ооруксунуу, ал 3 күндөн көп эмес убакыт ичинде өз алдынча өтүп кетет.

Бул вакцина менен 9 айдан баштап 7 жашка чейинки балдар эмделмекчи. Иммунизация убактылуу эмдөө пункттарында жүргүзүлөт, алар саламаттык сактоо уюмдарында жана билим берүү мекемелеринде уюштурулат.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!