"Эркин-Тоо"

Кыргызстанга Орусиядан бизнес делегация келди

Кыргызстанга жаңы бизнес өнөктөштөрдү издөө максатында Орусиядан делегация келди. Бул тууралуу КР Соода-өнөр жай палатасынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, орусиялык ишкерлер агро өнөр жай комплексине өзгөчө кызыгуу көрсөтүп, айыл чарба тармагындагы келечектүү долбоорлорго инвестиция кылууга, жергиликтүү ишканаларга жабдууларды жеткирүүгө даяр экендикин билдирди.

Ошондой эле орусиялык ишкерлер КР Соода-өнөр жай палатасынын өкүлдөрү менен бир катар маанимлүү маселелерди талкуулашты.