"Эркин-Тоо"

Кыргызстанга робот-хирург алып келинет

Жакында өлкөгө биринчи робот-хирург алып келинет. Бул тууралуу хирург, ортопед Сабырбек Жумабеков фейсбук баракчасына жазды.

Дарыгер Кытайга болгон сапарында, алардын медицинасы дүйнөдө алдыңкы орунга чыкканын белгиледи.

“Кытай медицинасы дүйнөдө алдыңкы орундарга чыкты десем жаңылбай. Ортопедия,травматология тармагында жетишкен ийгиликтери өтө чоң.

Робот-хирургтарды чыгарган 9 заводу бар экен. Бул барышта биз робот-хирургтардын иштегенине өз көзүбүз менен күбөө болдук. Албетте адамдык фактор биринчи орунда кала берет дечи, бирок робот-хирургтардын операцияга катышуусу бүгүнкү күндүн талабы” – деп жазган Жумабеков.

Сабырбек Жумабековдун айтымында, жакынкы арада Кыргызстанга биринчи робот-хирургтар алып келинет.