"Эркин-Тоо"
Коом

Кыргызстанга Россиядан жана Түркиядан аскердик техника жана куралдар келет

Кыргызстан Россия жана Түркиядан учкучсуз учуучу аппараттарды сатып алат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

Ташиев аскердик техникалардын баасы 300 миллион сом болгонун жана бюджеттин эсебинен сатып алынганын билдирди. Алардын баары Баткен облусуна жөнөтүлөт.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин билдирүүсү боюнча, учурда Түркияда Кыргызстан үчүн “Байрактар” учкучсуз учуучу аппараты жасалып жатат.

УКМК төрагасы мындан сырткары Россиядан дагы «Орлан -10» учкучсуз учуучу аппараттары жана снайпердик куралдар алынып жатканын билдирген.