Кыргызстандын аймагына унааларды мыйзамсыз алып кирүү фактысына бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан “Кайыңды-темир жол” товарларды чек арага каттоо пунктунда жалган эсеп-фактураларды берүү менен темир жол аркылуу 8 унааны мыйзамсыз алып кирүү фактысы аныкталды.
Учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Мамлекеттик салык кызматынын жана Мамлекеттик бажы кызматынын адистерин тартуу менен республикалык бюджетке келтирилген зыяндын өлчөмүн аныктоо боюнча тергөө иштери жүргүзүлүүдө.