Өлкөбүзгө жыл сайын Кения, Эквадор жана Голландиядан 2 миллиондон ашык гүл импорттолот. Бул тууралуу Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Акыркы 5 жылдын ичинде Кыргызстандын шаарларында гүл сатуучу дүкөндөрдүн саны эки эсеге өстү. Бул жарандардын гүлдөрдү же гүлдүү өсүмдүктөрдү кампаларда өстүрүү (белек катары), декоративдик өсүмдүктөрдүн уруктарын, көчөттөрүн сатуу сыяктуу дагы башка көптөгөн багыттарында адистеше аларынан кабар берет.
Белгилей кетсек, өлкөбүздө эң көп тандалган гүлдөргө роза, гвоздика, лилия, хризантема жана жоогазын кирет.