31-майда Дөң-Арык айылында «Кыргызтелеком» ишканасынын кызматери токко урунуп каза болду. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.
Дөң-Арык айылында токко урунган адам энергетик экени маалыматтарда айтылган. Энергетика министрлиги билдиргендей, 31-май күнү саат 15:12де Чүй РЭСине жергиликтүү тургундар телекомдун жыгач мамысында адам илинип турганын айтып чалышкан. РЭСтин ыкчам бригадасы келип, илинип турган адамды жерге түшүрүшкөн.
Ал 1966-жылы туулган Ш.К. аттуу АТСтин телефонисти болгон. Телеком кызматкери телефон линиясын тартуу үчүн мамыга чыгып токко урунган. Ал кызматкер эч кандай коопсуздук эрежелерин сактаган эмес жана Чүй РЭСине маалымат берген эмес.
«Эгерде РЭСке маалымат берилгенде РЭС тарабынан коопсуздук үчүн электр энергиясы өчүрүлмөк. Өзүм билемдик менен электр жабдууларында иш алып баруу, адам өмүрүнө коркунучтуу» , — деп айтылат маалыматта.