Бүгүн, 5-декабрда Транспорт министри Абсаттар Сыргабаев бүгүн министрликке караштуу «Кыргызжолтрансдолбоор» инженердик-изилдөө институту мамлекеттик ишканасына ата мекендик «Tulpar Motors» заводунда чогултулган 5 даана JAC үлгүсүндөгү кызматтык унааларды тапшырды.
Берилген транспорт каражаттары өзгөчө тоолуу жана рельефи татаал аймактарда жүргүзүлүүчү геодезиялык жана инженердик изилдөөлөрдө кызматкерлердин күнүмдүк жумушун жеңилдетери айтылды.
Эске салсак, «Tulpar Motors» заводунун унаалары буга чейин «Кыргызавтожол-Түндүк» жана «Кыргызавтожол-Түштүк» мамлекеттик ишканаларына да тапшырылган.

