"Эркин-Тоо"

Кырк биринчи таш ( аңгеме-уламыш)

Кырк биринчи таш

…Төлгөчү санааркап отурду. Мындайды өмүрүндө биринчи көрүшү. Алыскы туугандарына баратып, жолум кандай чыгар экен деп адатынча төлгө салган. “Жолго чыксаң өзүң өлөсүң, үйдө калсаң аялың өлөт” деген белги чыкса болобу! Ишенбей кайра салды. Негизи жаңылбашы керек, анткени такай төлгөсү төп чыкчу эле, жаза кеткени болгон эмес. Төлгө таштардын эл биле бербеген сырларын беш колундай билчү.

Кайра салды да, жакасын кармады. Кайра баягы. “Жолго чыксаң өзүң өлөсүң, үйдө калсаң аялың өлөт” деген белги. Кудай урбадыбы. Бул эмнеси?

Үчүнчү ирет салган төлгө да өзгөргөн жок.

“Кой, аялымда эмне күнөө? Кудай маңдайыма жазганын бара көрөйүнчү” деп тобокелге бел байлап, эч кимге айтпай акырын аттанып кетти.

Айылдан мындай чыгары менен бир караан көрүндү. Учурашып ал-жай сурашса коңшу айылга мейманга келип кетип бараткан казак киши экен. Кебетесине караганда өзүнөн улуу. Кимге келгенин, эмнеге келгенин шашпай саймедиреп атканына жанындагы жолдошу көңүл кош, сыпаалык үчүн кулак төшөп баратканын байкап калып түз сурады:

— Ой-бай карагым, бэри жайындама? Жанатан бери үндемейсиң… Ой басып келатыр гой сени. Не болду саган?

— Ээ, аке, несин айтайын. Ал узун сөз. Мен төлгөчүмүн… Төлгөмдөн чочуп келатам жанатан бери…

Кыргыз сапарлашынын чоо-жайын өз оозунан уккан соң казак ойлонуп калды.

— Мен де төлгешимин гой. Салшы, тастарыңды, көрейик.

Төлгөчү бул жолу таштар башкача түшөт деп күткөн. Андай болбоду. Баягы белги кайра чыкканын бир карап, жанындагы казакты бир карап эндиреп турду.

— Карагым, үйиңден жолыңа не ала шыктың эди?

— Куржун эле. Тамак-аш бар. Башка эмне болмок эле, атымдан башка эч нерсем деле жок.

— Куржунум де… Йаа кудаа… Осы куржунуңду асте кармап, нары карай силкип жиберсеңши! Не бар, не жок а?

— Ичинде тамак-аш бар да?

— Ой баай, айтканды кыла берсеңши, карагым. Жолыңмен үйиңдин ортасында тек куржунуң бар экен гой…

Улуу кишинин сөзүнө каяша айта албаган төлгөчү куржунун түбүнөн кармап туруп нары карай силкип жиберди. Ала чыккан тамак-ашы чөпкө жайылып жатып калды. Көп өтпөй эле куржундун ичиндегилер чачылып кеткен жакты карап турган экөө тең жыйрыла түштү. Билектей кара чаар жылан капыс түшкөн туткундан кутулганына сүйүнгөнсүп тез-тез сойлоп наркы таштардын арасына бат эле жетти да, көздөн кайым болду.

Баарын эми гана түшүнүп, оозу ачыла таң калган төлгөчү нан-пан, эт-ашын кайра терип келип чакан дасторкон жайды. Экөө шашпай тамак жеп, көпкө үндөбөй отурду.

— Карагым, сен төлгениң кырк тасын билип, кырк бириншисин билмейди экенсиң гой! – деди бир кезде казак беркиге күлө карап.

— Кырк биринчи ташы эмне, ошондо?

— Кырк биринши тасы өзиңсиң гой, карагым. Өзиңдиң акылың гой…

Жыргалбек Касаболот

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!