"Эркин-Тоо"

Кышкы туризмдин кулачы

Кыргызстанда акыркы жылдары кышкы туризм жакшы өнүгүп келе жатат. Заманбап тоо лыжа базалары жаңыдан салынды, бир тобу дале болсо курулууда. Дүйнөнүн бардык бурчунан миңдеген туристтер келип эс алышууда. Ага биздин жердин климаттык өзгөчөлүгү, тоолордун кооздугу да себеп болду. Кыргызстанда лыжа тебүүнүн убактысы декабрь айынан тартып апрелге чейин уланат. Биздин бийик тоолуу шартта лыжаны жылдын төрт мезгилинде деле тебе берсе болот. Айрыкча кыш мезгилинде  Караколдогу лыжа базасы алыс-жакындан келген туристтерге толуп чыгат. Ошондой эле борбор калаага жакын жайгашкан “Чуңкурчак”, “Орловка” лыжа базаларына келген адамдардын саны кескин көбөйөт. Өзүбүздүн жарандар да көп келет. Жаңы жылды лыжа базаларында тоскон атуулдарыбыз да арбын. Жыл өткөн сайын эс алуучуларга түзүлгөн шарт да жакшырып баратат. Курорттордо 1-2-3-4 орундуу бөлмөлөр, мебель, ысык-муздак суулары бар. Тоо башына чыкчу канат жолдордун узундугу  150 метрден тартып 3000 миң метрге чейин жетет. Кыргызстандын туристтик индустриясы лыжа тебүү, сноубординг жана чана тебүү менен эле чектелбейт. Кышкы тоодо эс алуунун мындан башка да толгон-токой түрлөрү бар. Кыргызстандын тоолору деңиз деңгээлинен дээрлик 1000 м, андан да бийик турат. Бул деген лыжа тепкендер үчүн табылгыс жер. Фрирайды сүйүүчүлөр үчүн атайын тик учактар, машиналар уюштурулган. Аларды тоонун кылда башына чейин алып чыгышат. Ал эми Чоң-Алай менен Кичи-Алай тоо кыркалары атайын  лыжа тебүүгө ылайыкталгандай бийиктен өрөөнгө карай созулуп жатат. Бул жерлер жаңыдан лыжа тебе баштаган үйрөнчүктөр үчүн да,  лыжа тебүүнүн алчы таасын эң мыкты өздөштүргөн  лыжачылар үчүн да өтө ыңгайлуу. Анан калса тоо лыжасы Кыргызстанда кечээ эле чыга калган жок. Анын башаты тээ Советтер Союзуна барып такалат. Ошол учурда эле Кыргызстан лыжа тебүүчүлөрдүн меккесине айланган. Советтер Союзунун тоо лыжа спорту боюнча командасы Ала-Арчада, кийин “Нооруз” деп аталган жайда машыгып, эл аралык мелдештерге даярданышкан. Бул базада канат жолдордун бардык түрлөрү бар.

КР  Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Туризм департаментинин туруктуу өнүктүрүү жана эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн башкы адиси Дастан Дайырбеков быйылкы кышкы туризмдин абалы тууралуу ойлору менен мындайча бөлүштү:

-Быйылкы кышкы туризм расмий түрдө өткөн жылдын 14-декабрында ачылган. Ошондон тартып тоо лыжа базалары, муз тебүү аянтчалары  толук кандуу иштей баштады. Мезгил-мезгили менен кардын жаап турушу быйылкы туризмдин жакшы өтүшүнө мыкты шарт, жагдай, түзүп, адамдардын маанайын көтөрүп,  республикабыздагы тоо лыжа базаларынын ишмердүүлүгүнө оң таасирин тийгизди деп айтсам болот. Кыргызстанда бүгүн жыйырмадан ашуун тоо лыжа базалары бар. Алардын басымдуу бөлүгү Чүй облусунда жайгашкан. Алар “Зил”, “Чуңкурчак”, “Орловка”, “Төө Ашуу”, “Тогуз булак”, “Татыр”, “Кашка суу”, “Кашкулак” ж. б  тоо лыжа базалары.  “Кашкулак” тоо лыжа базасы быйыл жаңы ачылды. Ал жерде туристтер күндүзү да, түндөсү да лыжа тепсе болот. Ал үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Ал эми көз жоосун алган “Каракол” тоо лыжа базабызга келген чет элдик туристтердин саны жыл өткөн сайын көбөйүп баратат. Быйыл  дүйнөгө белгилүү Ислам Махачик деген спортсмен келди.  Анын социалдык баракчаларына  8 миллион адам катталган. Ал Каракол базасында лыжа тээп жүргөн сүрөттөрүн жарыялап, дүйнө жүзүндөгү туристтерди Кыргызстанга келип, эс алууга чакырган видеолорун жарыялады. Бул биз үчүн өтө жакшы жарнама болуп калды.  Быйыл бизге чет өлкөлөрдөн, коңшу өлкөлөрдөн келген туристтердин саны арбын болууда. Мисалы, Казакстан, Өзбекстан, Россия жана ошондой эле араб, европа өлкөлөрүнөн туристтер келишти. Биз кечээ 17-февралда “Зил” тоо лыжа базабызда “Кыргызстан-тоо лыжа жана туризмдин өлкөсү” деген кайрымдуулук иш-чарабызды өткөрдүк. Фестивалдын максаты адамдарды дени сак жашоо образына үндөө, кар сампарлап жаап жаткан кыштын акыркы күндөрүндө таза абага, тоо лыжа базаларына келип көңүлдүү эс алып кеткиле деген чакырык болду. Ошондой эле калктын аярлуу катмарларын атайын алып келип, аларга ишкер чөйрөсүнүн өкүлдөрү белек-бечкектерин тапшырып, эстен кеткис күн болду.

 

                                                                                                                                     Өмүрбек ТИЛЛЕБАЕВ  

№16 «Эркин-Тоо» гезити

2024-жылдын 27-февралы

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!