"Эркин-Тоо"

КЫШТАН ЭМЕС, ЫШТАН КОРКОЛУ

“Кыш суук болот экен” деп айгай салгандарга акылым айран. Эми табияттын мыйзамын калчай баштадык, демократияң түшкүр. Кыштын кыштай болгону жакшы го, акыры. Кыштан эмес, ыштан корколу туугандар. World Air Quality маалыматына ылайык, 15-январга карата абанын сапатынын өтө начарлыгы боюнча Бишкек шаарыбыз кайрадан дүйнөдөгү ири шаарлардын рейтингинде биринчи орунга чыкты. Индиянын Мумбай, Калькутта, Монголиянын Улан-Батор, Гананын Аккра шаарлары дүйнөдөгү абасы булганган 5 калаанын сап башында турганы менен аларда абанын сапатынын индекстик көрсөткүчү 211-157 бирдикти түзсө, Бишкек шаарында абанын сапатынын индекси 408 бирдикти түзгөнү, бул рейтингдик методологияга ылайык, адамдардын өмүрүнө коркунучтуу деңгээлге жетип калганын билдирет экен.

Кыскасы, Бишкек шаарында булганган абаны жиреп жашап жүрөбүз. Буга ким күнөөлүү? Менимче, Бишкек жылуулукэнергия борборунда (ЖЭБ) бир мандем бар. Чоң өлкөдөн чоң карыз алып, чоң өлкөнүн компаниясы тарабынан модернизацияланган ЖЭБди кабыл алууда чоңдугун көрсөткөн бийлик деле болгон эмес убагында. Экотехинспекция абанын булганышы боюнча а-бу дешкени менен, бирок, баары үстүрттөн айтылгандай сезилет. Бир мандем бар, айтор. Эми өткөн ишке салават.

Баш калаабыздагы абанын сапатынын коркунучтуу абалга жетишинин дагы бирден бир себеби, катализатору жок автоунаанын көптүгүнөн деп түшүнүүгө болот. Шаарда каттаган автоунаанын дээрлик жарымынан көбүнүн катализатору жок имиш. А катализатору жок автоунаа – ден соолукту ууландырган техника деп коё бер. Кезегинде мурдагы Өкмөт башчы Өмүрбек Бабановдун буйругу менен автоунаалардын техникалык кароодон өткөрүү жол-жобосу жоюлгандыктан, азыр шаарда кандай автоунаалар жүргөнүн билүү кыйын. Катализатору бар же жок экенин унаанын ээси деле билбейт. Андан калса, ашыкча акча бере койсо атасын кошо саткан заманда, 10-15 миң сом берсе, катализаторлорду сатып алуучунун үйүнө чейин жеткирип бергендер толтура деп жатышат. Эми кимге арызданасың? Ышка муунткан өзүбүз болуп жатсак. Жолон акын жазгандай, “Өзүбүзгө өзүбүз душманбызбы?”. Мындай абал эч кимге сыр болбосо керек. Тиешелүү мамлекеттик мекемелер менден жакшы билишери бештен белгилүү. Жөн гана алар кайдыгерликтин кумарынан чыга албай жүрүшөбү дейм да.

Эми ЖЭБге келели. Бул өлкөбүз үчүн стратегиялык жактан маанилүү объектини экономикабыздын динозавры деп түшүнөм. Анткени, мунун курсагын тойгузуу кыйын, же болбосо ЖЭБдин чыгымы өтө эле көп. Эгерде ЖЭБ өндүргөн жылуу сууну, жылуулукту өз наркында шаардыктарга сата турган болсо жарандар аны көтөрө албайт деген түшүнүк жашап келет. Ошондуктан, көпчүлүк чыгым мамлекеттик бюджеттин эсебинен жабылат. Бул натуура иш. Эмне үчүн жер үйдө жашаган карапайым кыргыз 30-40 миң сомго көмүрүн сатып алып, кыштан чыкса, баш калаадагы көп кабаттуу үйдө жашагандар мамлекеттик дотациянын эсебинен жашаш керек? Социалдык адилеттүүлүк кайда? Эми ЖЭБди Бишкек шаарынын карамагына өткөрүп берүү каралууда. Бул туура чечим. Баш калаадагы ишкананын чыгымы аймактагылардын салыгынын эсебинен жабылбашы керек. Бирок, шаардын бюджети бул “динозаврды” бакканга чамасы жетеби? Же ЖЭБдин өндүргөн продукциясын өз наркында сатууга киришеби?..

Негизи ЖЭБди Коргоо министрлигинин балансына өткөрүү керек эле. Аскерде эки жыл от казанды башкарган машинист-от жаккыч адис катары айтып жатамын. Рота КЭЧке, же болбосо коммуналдыкэксплуатациялык бөлүктөн турган ротага бериш керек ЖЭБди. Азыр ал жерде 1700 адам иштейт экен. Жылдык чыгымы 100 млн сомдоп саналат. Биздин ротада 1-взвод дизелдик электр станциясын тейлесе, 2-взвод саркынды сууларды чыгаруу, таза суу менен камсыз кылуу иштерин колго алчу. 3-взвод дал ушул жылуулук менен камсыз кылуу милдетин аткарчу. Ошол жерде эки жылдын ичинде солдаттар моторист-механик, слесарьсантехник, байланышчыэлектрик, ширетүүчү жана мага окшогон от жаккыч баш болгон турмушка зарыл кесиптерге ээ болушчу. Жылуулук трассалары мизилдеп тап-таза турар эле. Эмне үчүн бул тажрыйбаны баш калаанын шартында колдонууга болбойт? Дээрлик бекер жумушчу күчүнүн эсебинен миллиондогон мамлекеттик кажаттар үнөмдөлмөк. Жаштар адистикке ээ болмок. Аскерден келгенде тиешелүү адистиги болсо, алар ишсиз калбайт да. Эгерде жогорудагы адистиктерге ээ болсо, Россияга барса, аларды орустар Жаңыбайдын самсасындай эле талап кетишет эле. Курулуш батальондорун түзүү боюнча сунуштар айтылып келет.

Сөздүн ток этер жерин айтканда, ушул турушунда ЖЭБ баш калааны 100% жылуулук менен камсыз кыла албайт. Ошондуктан башкача өнүгүү жолун издеш кажет. Ошондо, кыштан да, ыштан коркпой калар элек.

Шекербек КАЛЫКОВ
№4 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 20-январы

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!