"Эркин-Тоо"

КЫШТАН КЫЙНАЛБАЙ ЧЫГАБЫЗБЫ?

Түштүк аймагыбызда быйылкы кышта көмүрдүн бир тоннасы 5-6 миң сомдон жогору болбоого тийиш. Бул туурасында Энергетика министри Таалайбек Ибраев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Ал бул туурасында депутат Ж.Нурбаевдин: “Ошто көмүр баасы 6-7 миңден болуп жатат, кышта жарык маселеси кандай болот?” — деген суроосуна жооп берип жатып айтты. Ал эми Чүйдө көмүрдүн баасы 4500-5000 сомдун тегерегинде кармоо белгиленген. Көмүрдүн тартыштыгын түзбөө үчүн ишкерлерге тышка чыгарууга тыюу салынган.

Министрдин билдирүүсү боюнча калкты кышта жылуулук жана жарык менен камсыз кылуу багытында иштер аткарылып жатат. Кышта керектөөбүз үчүн жетишсиз энергияны тыштан сатып алуу сүйлөшүлгөн. Калкка жыйырма төрт саат электр энергиясы өчүрүүлөрсүз берилиши керек. 170 жаңы трансформаторлор коюлуп, 11 миң зым карагайлары орнотулган. “Ошондой эле республикабыз боюнча бардык жерде авария болгон учурда алмаштырчу запас трансформаторлор камдалган”, — деп ишендирди министр мырза.

ЖАҢЫ КОНУШТАРДА “КӨГҮЛТҮР ОТ” ЫШ КӨЙГӨЙҮН АЗАЙТАТ

Борбор шаарыбыздын тургундары үчүн кыш дегенде эле ыш көйгөйү кошо көз алдыга келет. Акыркы 3-4 жылдан бери кышкысын Бишкекти баскан көк түтүн шаардыктардын өпкөсүн ыштап, ден соолукка залал келтирип жатканын адистер айтып келишет. Быйыл кышта ыш маселеси кандай болот, бул көпчүлүктүн көңүлүндө турган маселе. Шаар бийлиги, өкмөт ыштан кутулуу үчүн эмне иштерди жасап жатат же жасады?

Мэр Эмилбек Абдыкадыровдун айтымында, быйыл шаардагы 74 көмүр отказандарынын 22си газга өткөрүлгөн. «Газпромнефть Кыргызстан» ишканасы быйылкы жылга пландалган эки жаңы конуштун ордуна 12 жаңы конушту газдаштырууну аяктоо алдында турат.  Быйыл кошумча 5400 үй-бүлө газ менен жылытууга өтүптүр. 2025-жылга карата жаңы конуштар толук газдаштырылат.

Албетте, шаардын жака-белиндеги жаңы конуштарды газдаштыруу жакшы иш. Себеби, иликтөөлөр боюнча жаңы конуштар шаардын түтүн каптоосунун негизги булактарынын бири катары белгиленген. Бирок көчөлөрүнө газ жеткен тургундардын баарында үйдү “көгүлтүр от” менен жылытууга кошулуу үчүн мүмкүнчүлүк болбошу толук мүмкүн. Министрлер Кабинети муну эске алып, мүмкүнчүлүгү жок жарандар үчүн газ жабдууларын сатып алууга жана орнотууга колдоо иретинде насыя менен камсыз кылуу боюнча атайын токтомун чыгарган эле. Шаар мэри Эмилбек Абдыкадыровдун билдирүүсү боюнча бул токтомду ишке ашыруу максатында каалоочуларга 1012%дык үстөгү менен насыя берүү боюнча банктар менен сүйлөшүлгөн. “Газ жабдуулары жетиштүү, бул жагында маселе жок”, — дейт мэр.

Бирок бул токтом боюнча элдин анча кабары жок экен. Бул туурасында депутат М.Маматалиев парламент жыйынында айтты. Себеби, ага жардам сурап кайрылган 20дай адам бул тууралуу уккан эмес. Депутат буга байланыштуу дагы экинчи бир маселенин башын ачты. Газ жабдууларын орнотуучу компаниялар газ жабдууларынын өз баасынан ашырып, 40 миң сомдук жабдууну 80 миң сомдон сунуш кылган учурлар бар экен. Бул туурасында да депутатка шайлоочулары айтышкан.

“Газпромнефть Кыргызстан” ишканасынын өкүлү А.Алдаяровдун маалыматы боюнча ишкана жаңы конуштардагы көчөлөргө чейин газ түтүгүн өз каражатынын эсебинен киргизет. Ал эми көчөдөн үйүнө киргизүү боюнча 30дай жеке менчик компаниялар иштейт. Арзымат Алдаяровдун түшүндүрмөсү боюнча жаран газды үйүнө киргизүүдө ошол компаниялардын бирине же аталган ишканага кайрылып, жумуштун сметасын эсептеттирүүсү керек. Анан ошол смета менен базарга же дүкөнгө барып, газ жабдуусунун баасын тастыктаган кагаз алышы керек. Мына ушул эки документ менен банктан барып насыя алууга болот.

Жаңы конуштардагы тургундарыбыз үчүн мына ушундай мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн. Эгерде маалымат элге толук жеткен болсо газ жабдууларын киргизүүчүлөрдүн саны арбыйт деп ойлойбуз. Ошондой эле элибиз үйдүн эшик-терезелерин жылуулаганды да унутпаса, кышкысын үйдү жылытууда жакшы эле үнөм болот. Баасы боюнча азыркы убакта газ же көмүр менен жылытуунун белгилүү бир өлчөмдө айырмасы болсо да ыңгайлуулугу жана шаарды ыш каптоосунан сактоо жагын эске албай коюуга болбос.

Бегим ТУРДАЛИЕВА

№80 “Эркин-Тоо” гезити

2023-жылдын 6-октябры

Пример HTML-страницы