"Эркин-Тоо"

Кыска метраждуу тасмалардын эл аралык фестивалы өтөт

Бишкекте 23-26-апрель күндөрү “Кыргызстан – кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү” кинофестивалы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Иш-чара быйыл 12-ирет өткөрүлүүдө. Ал Кыргыз ССРинин искусствосуна эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Республикасынын эл артисти, жогорку категориядагы анимациялык фильмдердин режиссеру Сагынбек Ишеновдун 90 жылдыгына арналат.

Улуттук сынакта кыргыз режиссерлору жараткан 13 мыкты кыска метраждуу тасма жана КМШ, Балтия жана Грузия өлкөлөрүнүн мыкты тасмалары көрсөтүлөт.

Кинофестиваль Кинематография департаментинин, КМШ өлкөлөрүнүн Эл аралык гуманитардык кызматташтык фондунун, «Айтыш» коомдук фондунун, «Кыргызтасмасы»мамлекеттик киноборборунун колдоосу менен өткөрүлөт.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!