"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Кытай дарыгерлери Ошто 300дөн ашык адамга акысыз көз операциясын жасашты

2025-жылдын 11–22-октябрь күндөрү Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасында Кытайдан келген офтальмологдор «Экспресс ден соолук — жаркын саякат» долбоорунун алкагында иш алып барышты.

Эки жуманын ичинде 317 бейтапка акысыз операция жасалды жана бардык чыгымдар Кытай тараптан каржыланды.

Мындан тышкары, «Кытай ден соолук — экспресс фонду» тарабынан оорукананын офтальмология бөлүмүнө 17 миллион сомдук оптикалык когеренттүү томограф аппараты тапшырылды.

Кытай дарыгерлери менен кызматташтык үч жылдан бери уланып келет. Быйыл тараптар дагы үч жылдык кызматташуу келишимине кол коюшту.