Кытай Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы Кыргызстанга расмий сапар менен келди
Бүгүн, 23-июлда, Кытай Эл Республикасынын Бүткүл Кытай эл өкүлдөр жыйынынын Туруктуу комитетинин төрагасы Чжао Лэцзи Кыргызстанга расмий сапар менен келди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.
Мартабалуу меймандын делегациясын “Манас” эл аралык аэропортунан Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев жана Кытай менен кызматташуу боюнча депутаттык достук тобунун жетекчиси Исхак Масалиев тосуп алды.
Расмий сапардын алкагында Чжао Лэцзинин катышуусунда бир катар иш-чаралар жана жогорку деңгээлдеги жолугушуулар пландалган. Атап айтканда, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр өтүп, анда парламенттер аралык кызматташтыктын учурдагы абалы жана келечеги талкууланары күтүлүүдө.

