«Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жол боюнча макулдашуу долбоору Жогорку Кенештин тармактык комитеттеринде талкууланып, жалпы жыйында үч окуудан кабыл алынды. Аталган мыйзамга ылайык, Бишкек, Пекин жана Ташкент «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолун куруу боюнча долбоорду ишке ашыруу үчүн Биргелешкен долбоордук компания түзмөй болду.
Жаңы түзүлгөн Биргелешкен долбоордук компаниянын уставдык капиталдагы үлүштөрү үч өлкөнүн ортосунда бөлүштүрүлөт. Тактап айтсак, Кытай тарап өз аймагындагы темир жолдун Кыргызстандагы темир жолго келип кошулган бөлүгүн өзү курат. Ал эми темир жолдун Кыргызстандагы бөлүгүн куруу үчүн үч өлкөнүн ортосунда түзүлгөн компания иш алып барат.
Президент Садыр Жапаров: “Үч өлкө биригип биргелешкен компания түздүк. Компаниянын кеңсеси Бишкек шаарында болду. Башкы директору кыргыз тараптан болду. Ал эми эки орун басары эки жактан болду. Каражаттын баары Бишкек аркылуу өтөт. Демек, темир жол бүткөнчө канча каражат кеткени биздин жана үч өлкөнүн көзөмөлүндө болот. Кытай тарап 51 пайыз акча салат, кыргыз-өзбек тарап 24,5 пайыздан акча салабыз. Эл аралык нормалар боюнча салынган каражаттар акталгандан кийин эки тарап чыгып кетип, 100 пайыз бизге калат. Бул жол биринчи кезекте башкаларга эмес, бизге керек. Туюк өлкөдөн түбөлүк чыгабыз. Европа жана башка өлкөлөр менен Кытайдын ортосунда транзиттик өлкөгө айланабыз. Экономикалык пайдасы да эбегейсиз зор болот” — деди.
“Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жол долбоорунун баасы 4 млрд 700 млн доллар деп бааланганы белгилүү болду. Каражаттын 51%ын Кытай, ал эми Кыргызстан менен Өзбекстан 24,5%дан чыгарат. Маалымат боюнча, Кытай 4 млрд 700 млн доллардын жарымын – 2 млрд 350 млн долларды үч өлкө түзгөн Биргелешкен долбоорлоочу компанияга насыя катары берет. Калган 2 млрд 350 млн долларды үч мамлекет чыгарат. Бул сумманы үчкө бөлгөндө 783 млн доллардан тиери белгиленди.
Компаниянын мөөнөтү бүткөндө темир жол Кыргызстанга өткөрүлөт
Макулдашууда белгиленгендей, кыргыз өкмөтү курулушту ишке ашыра турган Биргелешкен долбоордук компания менен өзүнчө инвестициялык келишим түзөт. Бул келишим үч өлкөнүн үлүшү бар компанияга BOT (build – куруу; operate – колдонуу; transfer — өткөрүп берүү) деп аталган модель менен курулушту ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берет. Мындай модель эл аралык практикада, өзгөчө ири инфраструктуралык долбоорлордо кеңири колдонулуп жүрөт. Мисалы, кайсы бир ишкана ири ГЭСти же жолду өзү тапкан каражат менен курат. Андан соң өзү каржылаган акчаны чыгарып алуу үчүн ошол ГЭСти же жолду белгилүү бир убакытка чейин колдонот. Андан соң салынган объектти өлкөгө кайтарып берет.
Жогорку Кеңештеги талкууда темир жол канча жылдан кийин Кыргызстанга өткөрүлүп берилери тууралуу сөз болгондо “Кыргыз темир жолу” улуттук компаниясынын башкы директору Азамат Сакиев тийиштүү адистер тарабынан эсептелгенден кийин анын так мөөнөтү белгилүү болорун билдирип: «Биз азыр инвестициялык келишимди талкуулап жатабыз. Ал жерде каржылоо, пайдалануунун мөөнөттөрү кеңири жазылат. Муну кытай тарап дагы, өзбек тарап дагы түшүнүп турат, мисалы 30 жылдан кийин ишкана толугу менен кыргыз тарапка өтөт” — деди. Депутат Чыңгыз Айдарбеков инвестициялык келишимди талкуулаганда бул мөөнөттү кыскартуу керектигин белгилеп, 5 же 10 жылдын ичинде чыгымды актайт деген пикирин билдирди. Мунун кандай тартипте чечилери кийинки сүйлөшүүлөрдө аныкталмакчы.
Жолдун багыты жана колеяны алмаштыруу чечилди
Буга чейин жолдун маршруту боюнча талаштар бар экени айтылып, Кытай менен Өзбекстан курулушу арзаныраак жана бир нече чакырымга кыскараак деген жүйө менен темир жолдун “Торугарт – Арпа – Карасуу” бөлүгүнө басым жасаганы тар чөйрөлөрдө белгиленген. Ал эми Кыргыз бийлиги бул жолдун «Торугарт – Арпа – Макмал – Жалал-Абад» маршрутуна басым жасаганы баарыбызга белгилүү болчу. Кабыл алынган келишимге ылайык, бул темир жол “Кашгар – Торугарт – Макмал – Жалал-Абад — Анжиян” маршруту боюнча салына турган болду. Кабыл алынган келишимде бул маселе чечилип, так белгиленди. Аталган маршрут биздин мамлекет үчүн өтө ыңгайлуу багыт экени баарына маалым. Келечекте Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече багыты боюнча курулуп жаткан темир жолго туташтырылат.
Жогорудагы темир жол боюнча келишим түзүлөрүн алдын ала билгендей эле Президент Садыр Жапаров эки жыл мурун Балыкчы – Кочкор-Кара – Кече багытындагы темир жолунун курулушуна старт бергенин билебиз. Башталган жылы 5 чакырым, кийинки жылы 15 чакырым болуп, иш жылып келе жатат. “Кыбыраган кыр ашат” демекчи, 2030-жылга чейин жол Кара-Кечеге жетсе, андан ары Макмалга уланып, Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолуна кошулат да, Кыргызстандын түндүк менен түштүгүнүн карым-катышы кеңейет. Күйүүчү майлар сыяктуу ири жүктөр темир жол менен ташылып калса, чоң чыгымдар кыскарып, кара жолдордун иштөө мөөнөтү узарып, унаа кырсыктары сөзсүз азаят.
Темир жолдун колеясынын кеңдиги да өзүнчө маселе болуп келген эле, ал дагы чечилип, Макмалдан алмаштырмай болду. Атай айтсак, Кытайда анын көлөмү дүйнөдө кенен жайылган стандартка ылайык 1435 мм болсо, Кыргызстан менен Өзбекстан “орус колеясы” деп аталган, кеңдиги 1520 мм темир жолго ээлик кылат. Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев жол картасы түзүлгөнүн айтып: “Жалпысы 480 чакырым болот. Кытай тараптан 169 чакырым, Кыргызстандын ичинен 311,75 чакырым салынат. Кытай тараптан эларалык стандарт кууш 1435 мм колея менен Макмалга чейин келет, ал жерде өргүү базасы болот. Макмалдан баштап 1520 мм турган колеяга алмаштырылат. Кыргызстандын аймагындагы жолдо 18 станция, 81 көпүрөө, 41 тонел болот. Жалпы тонелдин узундугу 120 чаккырымга жетет” деди.
Келишимдеги милдеттер
Кыргыз тарап курулуштун айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин өз убагында баалоого, маданий эстеликтердин сакталышына, коопсуздукту камсыздоого, объектилердин алынышына, долбоор ишке аша турган жердеги элди көчүрүүгө жоопкер. Мунун баары мамлекеттин эсебинен ишке ашат. Ошондой эле кыргыз тарап курулуш үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө, электр энергиясы, суу менен камсыздоого, кытай жана өзбек адистерин келүүгө уруксат алуудан бошотуп, керектүү товарлардын импортуна, банк эсептери жана валюта алмаштыруу иштерине колдоо көрсөтөт.
Мындан сырткары, кыргыз тарап курулуш иштеринин алдындагы жумуштарда, курулуштун өзү жүрүп жаткан маалда курулуш техникасын, жабдууларды, механизмдерди жана башка тиешелүү материалдарды өлкө аймагына киргизип жана чыгарып жаткан маалда бажы жана салык төлөмдөрүнөн бошотот. Тараптар долбоорлоо, сатып алуу, курулуш жана башка негизги иштерге жоопкерчилик Кытайдын ыйгарым укуктуу уюмуна жүктөөнү макулдашкан. Мүмкүнчүлүгү туура келсе бул иштерге Кыргызстан менен Өзбекстандын да компаниялары катыша алат. Макулдашуу 5 жылга түзүлүп, тараптардын каршылыгы болбосо автоматтык түрдө дагы 5 жылга узартылат.
Бул темир жол эң негизги каттамга айланат
Узундугу 450-500 чакырымды чапчыган темир жол линиясы Кытайдын Шинжаң аймагындагы Кашкар шаарынан башталып, Кыргызстан аркылуу өтүп, Өзбекстандын Анжиян шаарына жетет. Магистраль андан ары Борбор Азиядагы башка өлкөлөрдүн жолдору менен туташып, Каспий деңизине, Түркияга, Европага чейин чыгат. Келечекте Жакынкы Чыгышка жана Инди океанына чейин чыгаруу пландалууда. Азыркы учурда Кытайдан темир жол аркылуу Европага барчу жүктөр негизинен Казакстан, Орусия жана Беларус аркылуу өтүп келүүдө. Адистердин эсебинде бул маршрут Кыргызстан жана Өзбекстан аркылуу өтө турган жолго салыштырмалуу кыйла узун жана татаал. Кышкысын өтө оор.
“Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолу салынып бүтөрү менен Евразиянын транспорттук түйүнүнүн түзүмү өзгөрүп, бул каттам Кытайдан Борбор Азия, андан ары Европага товарды эң ыкчам жана тез жеткирген негизги маршруттардын бирине айланат. Бул Шанхайдан Парижге чейинки эң кыска жол болот. Эксперттер жүк ташуунун жылдык көлөмү 15 миллион тоннага чейин жетип, акыркы керектөөчүлөргө жүктөрдү жеткирүү мөөнөтү 7 күнгө эрте жетерин айтышууда. Айтор, бизди туңгуюктан чыгара турган темир жолдун курулушуна болгон даярдык кызуу жүрө баштады. Тийиштүү мыйзам долбоору тоскоолдуксуз кабыл алынганы дурус болду, ал жарыяланган күндөн тарта күчүнө кирет. Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолунун курулушу 25-августа башталарын, жакынкы 15-20 жылдын ичинде долбоор өзүн актарын айтты.
Жогорку Кеңештин депутаты Надира НАРМАТОВА:
—Жогорку Кеңештин 7 чакырылышынын депутаттары тарыхый мыйзамды кабыл алды. Президентибиз Садыр Нургожоевич жана анын командасы жоопкерчиликти алып, ири масштабдагы темир жолдун курулушун баштады. Бул баарыбыз үчүн эбегейсиз сыймык жана чоң жоопкерчилик. Темир жол – социалдык-экономикалык, керек болсо руханий өнүгүүгө салым кошору талашсыз чындык. Биз муну колдошубуз керек.
Жогорку Кеңештин депутаты Исхак МАСАЛИЕВ:
—Темир жол керек, ал сөзсүз салынышы шарт. Бирок, түзүлүп жаткан келишимдерди дыкат кароо зарыл. Мисалы, айдоо аянттар, жайыттар бирөөнүн ижарасында турат да, ал жерде мал кайтарылат, эгин эгилет. Жол курулганда анын тегереги корголуп, тосулушу керек. Мал кокусунан кирип кетпеши керек, өтмөктөр болушу керек. Эртең эл чыгып «жок бербейбиз» деп кыйкырбагандай болуш керек. Айыл өкмөттөрдө жыйын өткөрүп, алдын ала иштерди жүргүзүү зарыл.
Коомдук ишмер Ахунбай КОШОЕВ:
—“Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолунун курулушу кылымдык долбоор деп бекеринен айтылган эмес. Бул темир жол Азия менен Европаны туташтырып, башка темир жолдорго салыштырмалыы эң жакын жана коопсуз жолго айланат. Кыргызстан менен Өзбекстан транзиттик өлкөгө айланып, ири жүктөрдү ташуу процесстери жакшырат. Эки өлкөнүн дүйнө жүзүндөгү таасири артып, ээлеген орду, кадыр-баркы артат. Муну биз жапатырмак колдоого милдеттүүбүз.
Кылычбек КУДАЙБЕРГЕНОВ