Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жол долбоору жүктү Кытайдан Европага 3–7 күнгө эрте жеткирүүгө мүмкүндүк берет. Бул тууралуу Экономика министринин биринчи орун басары Чоро Сейитов ШКУну өнүктүрүү форумунда билдирди.
Анын айтымында, темир жолду 2030-жылга чейин куруу пландалууда жана жаңы темир жол Кыргызстан аркылуу жүктү эки тарапка тең ташууга шарт түзүп, өлкө гана эмес, коңшу мамлекеттер үчүн да маанилүү багыт болот.
Буга чейин Президенттик Администрация бул долбоорду Кыргызстан үчүн стратегиялык жана келечектүү деп атап, темир жол ишке кирсе, мамлекет жыл сайын 500 млн доллардан ашык туруктуу киреше аларын билдирген.

