Тиешелүү меморандумга бүгүн Пекин шаарында Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-кытай өкмөттөр аралык комиссиясынын ишинин жыйынтыгында кол коюлганы белгилүү болду. Гранттык каражат артыкчылыктуу багыттардагы социалдык маанилүү долбоорлорду ишке ашырууга жумшалат.