"Эркин-Тоо"

Кытай маданиятынын жана таланттарынын “Жазгы жолугушуу” фестивалы болуп өттү — ФОТО

Бүгүн 29-мартта К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде Кытай маданиятынын жана таланттарынын “Бир алкак, бир жол” бирдиктүү демилгесинин 10 жылдыгына, “Контимост” журналынын Кыргызстандагы ишмердүүлүгүнүн 15 жылдыгына арналган “Жазгы жолугушуу” фестивалы болуп өттү.

Иш-чаранын максаты, БМУнун өкүлдөрү белгилегендей, жогорку билим берүүнү координацияланган жана өз ара өнүктүрүү боюнча биргелешкен аракеттерди жана «Бир алкак, бир жол» боюнда жайгашкан өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташтыкты талкуулоо болуп саналат.

Белгилей кетсек, БМУ менен Кытайдын университеттеринин ортосунда 100дөн ашык келишим бар. Ал эми 2007-жылдан бери Кыргызстанда чыгып келе жаткан «Контимост» журналы ай сайын эки өлкөнүн ийгиликтерин, жетишкендиктерин өз беттеринде чагылдырып турат.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!