"Эркин-Тоо"

“Кытай жана Борбордук Азия” саммити өтөт

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кытайдын Сиань шаарында “Кытай-Борбордук Азия” форматындагы тышкы иштер министрлеринин төртүнчү  жолугушуусуна  катышты.

Белгилей кетсек, ушул жылдын май айында Кытайда  “Кытай-Борбордук Азия” биринчи саммити өтмөкчү. Тышкы иштер министрлеринин жолугушуусунда мына ушул кызматташуу форматынын мазмундук бөлүгүнө өзгөчө көңүл бурулуп, кызматташтык чөйрөсү боюнча өз ара пикир алышуу болду. Тышкы иштер министри Ж.Кулубаевдин пикиринде  аталган кызматташуу форматы Кытай менен Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосунда өз ара түшүнүшүү менен ишенимди бекемдөөгө, региондо стабилдүүлүктү камсыздоого жана практикалык кзматташтыкты илгерилетүүгө тийиш. Борбордук Азия өлкөлөрү географиялык жайгашуусу боюнча Чыгыш Азия, Жакынкы Чыгыш жана Европанын ортосунда соода-сатык жана товарларды ташууда маанилүү транзиттик зона боло алат. Бул үчүн региондо жаңы транспорттук түйүндөрдү жана коридорлорду түзүү зарыл.

Жолугушууда экономикалык кызматташтыкты тереңдетүү үчүн эл аралык соода борборлорун ачуу, чек арада алымсыз соода моделин киргизүү,  эркин соода аймактарын түзүү аркылуу чек ара райондорунда соода-сатыкты өнүктүрүү зарылдыгы жөнүндө да сөз болду.  Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тышкы иштер министрлери  Биргелешкен маалыматтык коммюникеге жана “Кытай-Борбордук Азия” саммитинин Сиань декларациясын кароонун жыйынтыгы жөнүндө  протоколго кол коюшту.

Бегим ТУРДАЛИЕВА 

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!