Кытайда жубайларга үч балалуу болууга мүмкүнчүлүк берүү, калктын карылык көйгөйүн чечүү маселеси каралууда. Бул туурасында өлкөнүн Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин Саясий бюросунун отурумунан кийинки билдирүүлөр кеңири тараган.
Документте Кытай Эл Республикасынын бийликтери демография өзгөргөн сайын, ар кандай чараларды көрүп келгени эскерилет. Бирок, акыркы жылдары карылык процесси тездегени байкалган. Үч балалуу болуу мүмкүнчүлүгү калктын түзүмүн өркүндөтүүгө, ошондой эле Кытайдын «адамдык ресурстардагы артыкчылыгын» сактоого жардам берери айтылган.
Эскерте кетсек, 1970-жылдардын аягында Кытай калктын өсүшүн көзөмөлдөө максатында «Бир үй-бүлө — бир бала» саясатын киргизген. Ал эми 2013-жылы бийлик келип чыккан көйгөйлөрдү чечүү саясатын жумшартты. Жубайларга эки балалуу болууга уруксат берген. Өлкөнүн калкынын орточо жашы 38,8 жашты түзөт. Бирок, өлкөдө 60 жаштан жогорку тургундардын саны үстөмдүк кылат.