Кытайда алтындан жасалган зер буюмдардын баасы өткөн жылга салыштырмалуу 40,1% жогорулады. Бул тууралуу Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик статистика башкармалыгы жарыялаган маалыматка таянып, Казинформ агенттигинин өздүк кабарчысы билдирди.
Баанын мындай жогорулашы алтын жасалгаларына болгон суроо-талаптын өсүшү менен байланыштуу экени белгиленүүдө.