"Эркин-Тоо"

КЫТАЙДА КОРОНАВИРУС КҮЧ АЛДЫ

Акыркы учурда өлкөдөгү эпидемиологиялык абал катаалдашып, коронавирустан жапа чеккендердин саны күн сайын көбөйүп жаткандыгына байланыштуу Кытайдын Гуанчжоу шаарында 80 миң орунга ылайыкталган карантиндик борбор курулуп жатат. Жалпы аянты 815 чарчы метрди түзгөн борбордо 21 870 кабыл алуучу бөлмө болуп, бир эле убакта 80 миң адамды кабыл алууга ылайыкташат. Учурда күндүр-түндүр жүрүп жаткан курулуш иштерине 18 миң жумушчу тартылып, контейнер ыкмасы пайдаланылууда. Бүгүнкү күндө медицина кызматкерлери үчүн 1 120 орун жана бейтаптарды изоляциялоо үчүн 1300 бөлмө даяр болгон. Борбордун аймагынан карантиндик жайлардан тышкары таштанды жыйноочу пункттар, унаа токтотуучу жана аларды дезинфекциялоочу аянтчалар дагы орун алат. Учурда Кытайдын бир катар шаарларында чектөөлөр киргизилип, тургундар күн сайын ПЦР-анализ тапшырууга мажбур болушууда.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!