Кытайда кыргызстандык он баланын жүрөгүнө ийгиликтүү операция жасалды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, дарылоо Кытайдын Хэнань провинциясында Көкүрөк хирургиясы ооруканасында жүргүзүлгөн.
Бул «Эне-балага тирек» фонду менен Хэнань провинциясынын Көкүрөк хирургиясы ооруканасынын, ошондой эле Кыргызстандын Кытайдагы элчилигинин кызматташтыгынын жана биргелешкен ишинин натыйжасында аткарылды.
Кытайдагы элчи Актилек Мусаева Кыргызстандын биринчи айымы, «Эне-балага тирек» фондунун жетекчиси Айгүл Жапарованын атынан Хэнань провинциясынын өкмөтүнө жана оорукананын жетекчилигине кыргызстандык балдарга акысыз операция уюштургандыгы жана жүргүзгөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.