"Эркин-Тоо"
Дүйнө

Кытайда пара алган кызматкерге өлүм жазасы өкүм кылынды

Кытайдагы Элдик саясий комитетинин төрагасынын орун басары болуп иштеген Дай Даоцзинь ири өлчөмдө пара алгандыгы үчүн күнөөлүү деп табылып, өлүм жазасына өкүм кылынды. Бул тууралуу Кытайдын борбордук телеберүүсүнүн маалыматына таянып Report.az маалымат агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, ал мамлекеттик кызматта турган мезгилде жалпысынан 107 миллион юань (болжол менен 14,9 миллион АКШ доллары) пара алган. Мындан тышкары, кызматтан кеткенден кийин дагы 3,66 миллион юань алгандыгы белгилүү болду.