"Эркин-Тоо"

Кытайда студент кызды өлтүргөн үч жигит өлүм жазасына тартылды

Бейшемби күнү Кытайдын Юньнань провинциясынын Сишуанбанна Дай автономдук префектурасынын Элдик соту 2020-жылдын жайында Кытайдын түштүгүндө 21 жаштагы студент кыздын өлүмү боюнча чуулгандуу иштин өкүмүн чыгарды. Ага ылайык, үч жигит өлүм жазасына кесилди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

21 жаштагы Ли аттуу студент кызды жигити жана дагы эки киши өлтүргөн окуя Кытайда акыркы жылдардагы эң чуулгандуу окуялардын бирине айланды. Соттун расмий WeChat социалдык медиа аккаунтунда жарыяланган билдирүүгө ылайык, сот 2020-жылдын июль айынын башында 24 жаштагы Хонг Цяо Линин жигити жаңжалдашкандан кийин сүйлөшкөн кызын өлтүрүүнү чечкен. Бул үчүн окуя юолгон учурда учурда жашы 21ге жетпеген Чжан Чэнгуан менен Цао Цзецинден жардам сураган.

Хонг Цяо 2020-жылдын 9-июлунда түнү Мэнхай округундагы сейил бактардын бирине кызды алып барып, Чжан Ченггуан менен Цао Цзецин кызды өлтүрүп, анан сөөктү көмүшкөн. Көп өтпөй полиция үчөөнү тең камакка алган.

Сот үч жигитти атайлап киши өлтүрүүгө күнөөлүү деп таап, өлүм жазасына кескен. Чжан Чэнгуан менен Цао Цзецин эки жылдан кийин өлүм жазасына тартылат.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!