"Эркин-Тоо"

Кытайда улгайган адамдар көбөйүүдө, президент чара көрүү керектигин айтты

Кытайдын президенти калк арасында улгайгандардын көбөйүшүнө тез арада аракет көрүү керектигин билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Ал элдин ден соолугу үчүн артыкчылыктуу багыттарга көңүл буруп, балдардын төрөлүшүн колдогон саясатты түзүү керектигин, калктын арасында карыгандардын көбөйүшүнө байланыштуу аракет көргөн мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу зарылдыгын айткан.
Буга чейин өлкөнүн саламаттык сактоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин башчысы Ван Хайдун 2035-жылы 60 жаштан өткөндөрдүн саны 400 миллионго жете турганын, бул калк санынын 30 пайыздан ашыгын түзөрүн билдирген.
Учурда Кытай олуттуу демографиялык көйгөйгө кабылууда, бул 1970-жылдагы «бир үй-бүлө — бир бала» саясатына байланыштуу. 2013-жылы эки балалуу болууга уруксат бере башташкан. Бирок мындан деле төрөгөндөрдүн саны өскөн эмес. Бийлик 2021-жылы үч балалуу болууга уруксат берген.
Соңку маалымат боюнча, Кытайдын элинин саны 1 миллиард 412 миллионго жетти (Гонконг, Макао, Тайванды жана чет элдиктерди кошпогондо).

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!