Кытайдын түндүк-батышында дүйшөмбү күнү болгон жер титирөөдөн кеминде 111 адам каза болуп, дагы 220 киши жарадар болгонун мамлекеттик маалымат каражаттары кабарлады.
Издөө-куткаруу иштери татаал метеорологиялык жана географиялык шарттардан улам татаалдашкан.
Америка Кошмо Штаттарынын Геологиялык кызматынын (USGS) маалыматы боюнча, жер титирөөнүн күчү 5,9 баллга, ал эми очогунун тереңдиги 10 чакырымга жеткен.
«Синьхуа» мамлекеттик маалымат агенттиги Ганьсу провинциясында 100 адам өлүп, 96 адам жарадар болгонун, Цинхай провинциясында дагы 11 адам каза болуп, 124 киши жарадар болгонун билдирди.
Айрым райондордо облустун энергетика жана суу менен камсыздоо үзгүлтүккө учурады.