"Эркин-Тоо"

Кытайдагы жердин силкинүүсү Кыргызстанда сезилди

19-мартта саат 08.38де Кыргызстандын аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Кытайда — Эркечтам айылынан 30 чакырым түндүк-чыгышта, Нура айылынан 34 чакырым түндүк-чыгышта, Ош шаарынан 155 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан.

Жердин силкинүүсү Кыргызстандын Эркечтам жана Нура айылдарында 2,5 баллга чейин сезилди.

Пример HTML-страницы