"Эркин-Тоо"

Кытайдан келген дарыгерлер акысыз текшерет

Бишкек шаарында 3–15-июлга чейинки аралыкта Кытайдан келген белгилүү профессорлор аялдардын жатын моюнчасынын рагын эрте аныктоо боюнча бекер текшерүү өткөрүшөт. Бул тууралуу көп тармактуу клиникасынын негиздөөчүсү Айнура Сагынбаева «Кабар» маалымат агенттигинде өткөн жыйында билдирди. Анын айтымында Кыргызстанда акыркы убактарда бул илдеттен көз жумгандардын саны көбөйүп кеткен. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча 15 жаштан 45 жашка чейинки кыз-келиндердин жатын моюнчасынын рагына чалдыгышы 2018-жылдан кийин байкала баштаган. Расмий маалыматтарга ылайык, илдетке жыл сайын 600 аял чалдыгып, болжолдуу 300 аял каза болууда. Ооруга чалдыккандардын 40 пайыздан ашыгы дарыгерге илдет өтүшүп кеткенде кайрылат. “Андыктан бул көйгөйгө өзгөчө көңүл бурулуп, Кытайдын дарыгерлери Кыргызстанга келип, аялдарды текшерүүдөн акысыз өткөрө турган болду. Демилге «Бир алкак— бир жол» долбоорунун алкагында ишке ашырылууда” дейт Айнура Сагынбаева. Долбоор толугу менен Кытай тараптан каржыланып, келечекте дагы кеңейтилери күтүлүүдө.

Аялдарды акысыз текшерүү кайрымдуулук акциясынын уюштуруучуларынын бири Айнура Сагынбаеванын Бишкек шаарындагы Ахунбаев көчөсү, 127 дарегиндеги клиникасында 3–15-июль күндөрү 9.00дөн 18.00гө чейин жүргүзүлөт. Ошондой эле Кытайлык профессорлор онкологдор жана гинекологдор менен жатын моюнчасынын рагын аныктоо жана дарылоо боюнча тажрыйба алмашышып кайтышат.

Жазгүл КЕНЖЕТАЕВА
№52 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 30-июну

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!