Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасына «Экспресс ден соолук — жаркын саякат» долбоорунун алкагында Кытай Эл Республикасынын көз дарыгерлери Кыргызстандын түштүк аймагында жашаган көздүн катаракта, глаукома оорулары менен жабыркаган бейтаптарга акысыз операцияларды жасоо үчүн келишти.
Кытайдан келген дарыгерлерди Ош аэропортунан оорукананын жетекчилиги, көз оорулар бөлүмүнүн дарыгерлери жылуу тосуп алышты.
11-23 октябрь күндөрү 300гө жакын акысыз операцияларды жасоо пландалууда.