Кытай Эл Республикасынын Башкы бажы башкармалыгынын маалыматына ылайык, Кыргызстан 2024-жылдын январь-ноябрь айларында Кытайдан жашылча-жемиштердин импортун төрт эсеге көбөйттү. Жыл башынан бери Кытайдан 78,4 миллион долларга жашылча импорттолгон, бул сумма өткөн жылдын январь-ноябрь айларындагы импорттун көлөмүнөн 60 миллион долларга көп. Кытайдан келген жашылчалардын физикалык көлөмү 4,2 эсеге көбөйүп, 73,4 миң тоннага жетти.
Жалпысынан 2024-жылы Кытайдан жашылчанын 50гө жакын түрү алынып келинген. Импорттун негизги үлүшүн калемпир, жаңы помидор, сарымсак, бадыраң, брокколи, сельдерей, ашкабак, баклажан жана шпинат түзгөн.