"Эркин-Тоо"

КЫТАЙДЫН КОРГОО МИНИСТРИ КЫЗМАТТАН АЛЫНДЫ

Интернет булактарынан алынган маалыматтарга таянсак, Кытайдын коргоо министри, генерал Ли Шанфу кызматынан алынып, Мамлекеттик кеңештин катарынан чыгарылганын Кытайлык маалымат каражаттары 24-октябрда кабарлады. Андай чечимди Кытай Эл єкїлдєрїнїн бїткїл кытайлык курултайынын комитети кабыл алганы маалым болду. Министрди эмне себептен кызматтан алганы айтылган жок. Анын ордуна ким келери да азырынча беймаалым бойдон калууда.

Ли Шанфу август айынын аягынан бери элдин алдына чыкпай калганы айтылууда. Ага чейин ал Орусия менен Беларус мамлекеттерине барып келген. Батыш медиалары анын кызматтан четтетилгенин, паракорлукка байланыштуу тергєє жїрїп жатканын жазып чыгышкан. Бирок расмий Пекин ал маалыматты азырынча бышыктап же четке кага элек.

«South China Morning Post» басылмасы Ли Шанфу мына ушундай жагдайда кызматтан алынган экинчи єкмєт мїчєсї экенин жазып чыккан. Буга чейин Кытайдын мурдагы тышкы иштер министри Цин Ган июлл айында кызматтан алынган. Негедир ал да кызматтан алынардын алдында кєпкє чейин эл алдына чыкпай калган. Бир айдан кийин анын кызматтан четтетилгени расмий тастыкталган.

Ли Шанфу АКШнын санкциялык тизмесинде турганын «Financial Times» сентябрь айында жарыялаган макаласында: «2018-жылы Трамптын администрациясы Орусиядан курал-жарак сатып алууга байланыштуу Ли Шанфуну «кара тизмеге» киргизген. Ал кезде Ли Шанфу Кытайдын Коргоо министрлигинде курал-жарак чыгаруу жана сатып алуу башкармалыгын жетектеп турган. Бул жагдай АКШ жана Кытайдын коргоо министрлеринин жолугушуусуна тоскоолдук жаратып келет»-деп баяндаган.

 

Бахпурбек АЛЕНОВ

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!