Макулдашууларга кол коюу аземи КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров менен Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик Кеңешинин Премьери Ли Цяндын кеңейтилген курамдагы жолугушууларынан кийин орун алды.
Төмөнкдөгү документтерге кол коюлду:
1. КР Министрлер Кабинети жана Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2023-2027-жылдарга чек аралык кызматташуу программасы;
2. КР Президентине караштуу Инвестициялар боюнча Улуттук агенттиктин, КР Санариптик өнүктүрүү министрлигинин жана Кытай Эл Республикасынын Коммерция министрлигинин ортосундагы санариптик экономика чөйрөсүндө инвестициялык кызматташууну тереңдетүү боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
3. КР Экономика жана коммерция министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Эл аралык кызматташтык жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигинин ортосундагы “Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү” (3-фаза) долбоорун ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөрдүн протоколу;
4. Бишкек жана Чэнду шаарлары ортосундагы өнөктөштүк мамилелерди орнотуу тууралуу келишим;
5. КР Улуттук банкы менен China Construction Bank Corporation ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
6. КР Энергетика министрлигине караштуу “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы менен “Hebei Jinsheng Mining Engineering Co., Ltd” компаниясынын ортосундагы “Тегене” көмүр кенин биргелешип иштетүү жөнүндө макулдашуу;
7. КР Энергетика министрлигине караштуу «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы менен «Томирис-Кен» ЖЧКсынын ортосундагы «Сүлүктү талаа-11» көмүр кенин биргелешип иштетүү боюнча биргелешкен иш-чаралар жөнүндө макулдашуу;
8. КР Энергетика министрлигине караштуу «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы менен «Kashi Shunbaofu Trade and Еxport Trade Corporation» кытай компаниясынын ортосундагы «Торугарт 1» көмүр кенин биргелешип иштетүү боюнча биргелешкен иш-чаралар жөнүндө макулдашуу;
9. Ош облусунун Алай районунда жайгашкан «Эркечтам» кыргыз-кытай унаа чек арасына жакын жер тилкесинде ленталык конвейердик логистикалык көмүр борборун биргелешип куруу боюнча биргелешкен иш-чаралар жөнүндө макулдашуу;
10. КР Энергетика министрлиги менен «Goldwind Science and Technology Co., Ltd» компаниясы ортосундагы Кыргызстанда кубаттуулугу 3 ГВт чейин шамал электр станцияларын куруу жөнүндө макулдашуу;
11. КР Энергетика министрлиги менен «Molin Energy Company Limited» компаниясы ортосундагы Кыргызстанда күн электр станцияларын куруу жөнүндө макулдашуу;
12. КР Президентине караштуу Инвестициялар боюнча Улуттук агенттиктин жана «Delong Steel Group Co., LTD» ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандум.

