Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаровдун Кытайга болгон мамлекеттик сапарынын тарыхый маанисин белгилешип, эки тараптуу кызматташуунун кеңири чөйрөсүн, анын ичинде соода-экономикалык байланыштарды, инвестицияларды тартуу, транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү жана каржылык кызматташуу маселелерин талкуулашты.
Президент Садыр Жапаров 4-7-февралда Кытай Эл Республикасына мамлекеттик сапар менен барган. Өткөн жумада Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчиси Лю Цзянпин жергиликтүү журналисттер менен жолугуп, Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаровдун Кытайга болгон мамлекеттик сапарынын тарыхый маанисин кеңири чечмелеп берди.
Элчи айым Лю Цзянпин сапардын биринчи күнүндө Президент Садыр Жапаров Пекинде Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин Премьери Ли Цян менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөнүн, алар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, соода-экономикалык жана инвестициялык өз ара аракеттенүүнүн келечегин, ошондой эле энергетика, ин-фраструктура, транспорт жана жогорку технологиялар жаатындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну талкуулаганын айтты.
Андан соң Элдик жыйындар үйүндө Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпиндин расмий жолугушуу аземи болгонун баяндап, журналисттерге тарыхый учурда тартылган видеотасмаларды сунуштады. Андан соң алар кеңейтилген форматта сүйлөшүүлөр жүргөнүн айтып, эки мамлекеттин жетекчилери кыргыз-кытай мамилелери, ар тараптуу жана тең укуктуу кызматташтыкты тереңдетүү, ошондой эле өз ара кызыкчылык туудурган эл аралык жана аймактык маселелер боюнча кеңири пикир алмашканын белгиледи. Ошого улай сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен баарын камтыган ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү тереңдетүү жөнүндө биргелешкен билдирүү кабыл алынганын жана мамлекеттик сапардын алкагында кыргыз-кытай эки тараптуу кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүгө багытталган бир катар документтерге кол коюлганын кошумчалады. Белгилей кетсек, 23 документ кабыл алыныптыр.
Мамлекет башчысы Садыр Жапаров Пекин шаарындагы Тяньаньмэнь аянтындагы Эл баатырларынын эстелигине гүлчамбар койгонун жана Бүткүл Кытай Эл өкүлдөр жыйынынын Туруктуу комитетинин Төрагасы Чжао Лэцзи менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөнүн да белгилеп өттү. Алар эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелерин, парламенттер аралык кызматташтыкты бекемдөөнү, ошондой эле саясий, экономикалык жана гуманитардык тармактарда биргелешкен демилгелердин келечегин талкуулаганы сөз болду.
Элчи айым Лю Цзянпин Президент Садыр Жапаров Кытайга жасаган мамлекеттик сапардын алкагында Пекин тил жана маданият университетинде кыргыз элинин залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун бюстунун ачылыш аземине да катышканын өзгөчө белгиледи. Университеттин өзгөчөлүгүн, Чыңгыз Айтматовдун улуулугун да суктануу менен баяндады.
7-февралда Президент Садыр Жапаров Харбинде болгонун, ал жактагы “Ябули” тоо лыжа курортуна барганын да айтып, Мамлекет башчысы өзүнүн социалдык баракчасынан бөлүшкөнүн белгилеп өттү. Садыр Жапаров: “Курортто, өзүңүздөр түшүнгөндөй, мени лыжа тебүү трассаларынын уюштурулушу жана жалпы эле инфратүзүмү кызыктырды. “Ябули” Кытайдын спорттук тоо лыжа кыймылынын мекени экен” деп белгилеген. Айта кетсек, дал ошол жерде массалык кышкы туризм пайда болуп, дүйнө жүзүндөгү эң узун жана эң бийик тоо лыжа трассалары орун алган. Анын ичинде 48 бурулушу бар 2680 метрлик трассаны белгилесе болот.
“Ябули” тоо лыжа курорту 1996-жылы кышкы Азия оюндарын, 2009-жылы Кышкы универсиаданы кабыл алган. Мындан сырткары, сноуборд боюнча дүйнө кубогу, жаштар чемпионаты өңдүү эл аралык мелдештер дал ушул жерде өтүп турат. Курорт эки негизги бөлүктөн турат: спорттук тоо лыжа тебүү жана туристтер үчүн лыжа тебүү. Башкача айтканда, кесипкөй спорттук лыжа тебүүчүлөр үчүн да, үйрөнчүктөр үчүн да өз-өзүнчө ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Кыскасы, “Ябули” – бул улуттук деңгээлдеги тоо лыжа курорту. Президент абдан таасирленип: “Буюрса, биз дагы сүйүктүү Кыргызстаныбызда ушундай тоо лыжа комплексин курабыз. Жакында куруу иштери башталат” деп сөзүн жыйынтыктаган болчу.
Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчиси Лю Цзянпин Биринчи айым Айгүл Жапарова менен биргеликте Харбин муз скульптураларынын фестивалына катышканын да журналисттерге айтып берди. “Муз менен кардын чоң дүйнөсүн” көрүү учурунда Биринчи айым муздан тургузулган борбордук “Ала-Тоо” аянтында болгон.
Кытай элчиси Лю Цзянпин жолугушуунун соңунда журналисттердин суроолоруна жооп берип, сөз арасында Кыргызстандын табияты өтө кооз экенин, алдыда бүт региондорун кыдырып чыгуу максаты бардыгын айтып берди. Аягында чакырылган кесиптештер менен чогуу сүрөткө түшүп, алар үчүн эшиги ар дайым ачык жана кандай суроолор болсо жооп берүүгө даяр экенин билдирди.