"Эркин-Тоо"

Кытайлык компания Нарынга шамал жана күн электр станциясын курат

21-январда энергетика министри Таалайбек Ибраевдин кытайлык «NBTC Limited» компаниясынын башкы директору менен жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Маалыматка ылайык, Энергетика министрлиги менен «NBTC Limited» кытай компаниясынын ортосунда шамал жана күн электр станцияларын куруу боюнча өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Документке энергетика министри Таалайбек Ибраев жана «NBTC Limited» компаниясынын башкы директору Цай Чжифан кол койду.

Меморандумдун негизги максаты эки тараптуу кызматташтык мамилени тереңдетүү, ошондой эле Нарын облусунун Жумгал жана Кочкор райондорунун Кызарт жана Семиз-Бел участокторунда шамал жана күн электр станцияларын куруу болуп саналат.

 

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!