Кытай бийлиги 1979-2015-жылдар арасында демографиялык саясат жүргүзүп, өз жарандарына бирден ашык балалуу болууга уруксат берген эмес. Мындай эреже 2015-жылы өзгөртүлгөн. 2016-жылдан тарта Кытай «бир үй-бүлө – бир бала» деп аталган саясаттан толук баш тарткан. Бирок ага карайбай төрөлүүнүн саны өскөн эмес. Андыктан өлкө бийлиги үй-бүлөдө төрөлгөн үчүнчү бала үчүн салынган айып пул жана дагы башка санкцияларды да жойду. Аталган чечим өлкөнүн картайып бара жаткан калкынын курамында жаштардын санын көбөйтүү үчүн жасалып жатат деп айтылууда.