"Эркин-Тоо"

Кыяс МОЛДОКАСЫМОВ: “Чек ара көйгөйү чечилгени чоң олжо болду”

— Кыяс мырза, Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен келиши биздин өлкө үчүн эмне утуш берет? Же Кемпир-Абадды бөктөрүнүп алып баса бердиби?..

— Кемпир-Абад бөктөрүнүп алып кеткидей буюм эмес да…

— Эми тикелей эмес, образдуу салыштырганым го Кыяс мырза…

— Анын берилиши туура болдубу же туура эмес болдубу, келечек көргөзөт. Эң башкысы, кошуна өлкө менен чек ара маселеси чечилип калганы чоң олжо болду. Шавкат Мирзиёевдин мамлекеттик сапарында келишимдик көп документтерге кол коюлду. Бул эки өлкөнүн ортосундагы мамилеге сөссүз оң таасир этет. Эң башкысы, тарыхчылар үчүн Ташкенттеги архивдик документтердин көчүрмөсүн алууну арзандатып же бекер берүүсү чечилсе жакшы болмок.

— Мамлекеттик катчы институту калыбына келгени, улуттук идеология жаатыбыз оң жолуна түшө баштады деп ойлойсузбу?

— Мамлекеттик катчы институтунун ачылышы жакшы эле болду. Бирок институтту ачып коюу менен эле идеология жазылып, ишке ашып кетет деп сыйкыр таякты элестетүү болбогон иш. Сүйүнбек досумдан 10 эсе чеченди мамкатчы кылып койсо да абал оңолбойт. Үй курууга караганда идеологияны ишке ашыруу, коомду түз жолго салуу алда канча оор! Экономиканы көтөрсө болот, коомду, адамдарды өзгөртүү өтө оор! Мыкты идеология жазылганы менен чабал, чыныгы лидерлик сапаты жок жетекчилер башкарган өлкөдө идеология жансыз бойдон кала берет. Аны эгемендүүлүк доордогу мезгил ынанымдуу көргөздү, далилдеди.

Калыгул БЕЙШЕКЕЕВ
№7 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 31-январы

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!