
— Кыяс Сатарович, жакында эле Президенттин Кытайга жасаган мамлекеттик иш сапарынын алкагында делегация менен бирге сиз да барып келдиңиз. Кытайлык тарыхчылар менен жолугуша алдыңызбы?
— Баргандагы негизги максатым кыргыз тарыхын иликтеп жаткан кытай тарых изилдөө институтунун жетекчилиги, кызматкерлери менен жолугушуу болчу. Убакыттын тардыгына карабастан тарыхчылар менен жолугуша алдым. Анткени, Пекинде жарым эле күн болдук. Түнкү саат ондон өткөндөн кийин кездешип, эки-үч саат сүйлөштүк. Кытай тарых изилдөө институтунун директору, профессор Бу Сянчин эмгек жамааты менен өзү күтүп олтуруптур. Пандемияга байланыштуу Кытайда үч жыл бою катуу карантиндик система болгондуктан, биз да бара албай онлайн түрүндө гана сүйлөшүп, кызматташып келдик. Бирок, бул үч жылдын ичинде ал жакта көп жаңылыктар болуптур. Биздин келишимибиз 2019-жылы 5 жылга түзүлгөн болчу. Келерки жылы мөөнөтү бүтөт. Тарых институтунун директору Бу Сянчин менен келишимдин мөөнөтүн узартуу боюнча макулдаштык. Себеби, иш жаңы эле башталды. Анын үстүнө мурдагы Президент Сооронбай Жээнбеков эски кытай тилиндеги маалыматтарды жаңы кытай тилине которууга каражат бөлүп берем деп убада кылып, бирок акча каражат бөлүнбөй калган. Каражат бөлүнбөгүндүктөн биздин котормо бөлүмү ишти баштай албай туруп калган болчу. Котормо иштери эми жаңыдан гана башталганы турат. Эки ай болду, Садыр Нургожоевич 13 миллион сом бөлүп берди. Бул акчаны алыш үчүн да эки жыл көшөрүп аракет кылдык. Эки жыл ичинде Президентке төрт-беш жолу кат жазып, ал катка Президент каражат бөлүнсүн деп кол коюп бергенине карабастан акча берилбей келди. Акыркы жолу кат жазып барганыбызда Президенттин да ачуусу келип, тиешелүү кишилерге катуу тапшырма берди. Ошондон кийин гана каражат бөлүндү. Мен акча болбойт окшойт деп түңүлүп, өзүмдүн багымды сатмак болуп калган элем. Дал ошол убакта кудай жалгап Президентибиз акча бөлүп берди.
— Бөлүнгөн 13 миллион сом котормо иштерине жетеби?
— Ал 13 миллиондун 10 миллиону котормо иштерине жумшалат. Элдин баары чоң акчадай көрүп жатканы менен бул кичинекей эле сумма. Мисалы, Казакстандын тарых изилдөө институту бар. Ошол бир эле институтка бир жылга бир жарым миллиард теңге бөлүнөт. Сомго которгондо 175 миллион сом болот. Мындан башка көптөгөн институттар дүйнөдөгү архивдик изилдөөлөрүн улантып жатат. Аларга да мамлекет каражат бөлүп берет. Казакстан боюнча тарыхты изилдөө үчүн бир жылга 10 миллион долларга жакын акча берилет. Эми салыштырып көрүңүз, 10 миллион сом менен 10 миллион доллардын айырмасын. Ушул акчаны да төрт жыл жүгүрүп жүрүп араң алдык. Дээрлик бир жыл бою маяна албай иштеген учурларыбыз болду. Кытайлар буга чейин кыргыз тарыхына 3 миң жыл болгондугун негиздеген профессор Ю.Тайшандын жазган макаласынан баштап Кытайдын тарыхчылары соңку мезгилде жазып чыккан акыркы изилдөөлөрдүн бардыгын кошуп бир чоң китепти 2019-жылы эле чыгарып беришкен. Ошол китепти которгонго дагы каражат таба албай келдик.
Өмүрбек ТИЛЛЕБАЕВ
№43 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 30-майы