"Эркин-Тоо"

Кыяс МОЛДОКАСЫМОВ: “КЫРГЫЗДАРДЫН ТАРЫХЫНА БАЙЛАНЫШКАН ЭЛ БИЛБЕГЕН МААЛЫМАТТАР ЭМИ ЧЫГАТ”

Тарых илимдеринин кандидаты Кыяс МОЛДОКАСЫМОВ

(Башталышы гезиттин №43 (3494) санында)

— Ал китеп жаңы кытай тилинде жазылганбы?

— Жок, эски кытай тилинде жазылган. Ал китепти 2019-жылы эле Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзинпинге жана ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбековдун колдоруна бергенбиз. С.Жээнбеков каражат бөлдүрүп берем деп айтып, ошол боюнча убадасына турбай койду. Биз кытай кесиптештерибиздин алдында аябай уят болдук. 2022-жылы кытай тарап өздөрү каражат таап, котормочулар тобун түзүп, которо башташты. Ал китеп быйыл которулуп бүтсө “Турар” басмаканасынан кыргыз тилинде чыгат. Котормочулар тобу бул жыйнакты которуп бүткөндөн кийин архивден табылган эски кытай тилиндеги маалыматтарды которо баштайбыз. Аны которуу үчүн кытайлык эки кыргыз адис тартылган. Анын бири Жаркын Турсун деген профессор кызыбыз. Биздин кытайлар менен болгон байланышыбызды түптөп, бүгүнкү деңгээлге жеткирген адам. Аны кытайлык тарыхчылар да аябай сыйлашат.

— Котормочулар тууралуу кененирээк айта кетсеңиз. Бизде эски кытай тилин билген уул-кыздарыбыз барбы?

— Котормочулар тобун да ошол Жаркын Турсун жетектейт. Анан кытай тарыхын изилдөө институтунун директору, профессор Би Сянчун жана профессор Ли Лицун Жу деген тарыхчы бар. Эми жанагы бөлүнгөн 10 миллион сомдун чыпчыргасын коротпой котормочуларга беребиз. Булардан башка Кытайдын Кызыл-Суу районунда жашаган, эски кытай тилин билген эки адис бар. Алар да кошулат. Бизден Канат деген жигит бар. “Манас” университетинде кытай тилинен сабак берет. Ал дагы эски кытай тилин мыкты билет. Мындан башка Болот деген жигитибиз бар. Ал Ош университетин бүтүргөн, эски кытай тилин билген мыкты адис. Эски кытай тилин Ош университетинде окуп үйрөнүп, андан кийин Москвага барып Москва мамлекеттик университетинде эски кытай тили боюнча адистикти алган. Бирок, турмуш шартка байланыштуу Москвада курулуш тармагында иштеп жүргөн экен. Болотту атайын издеп таап, алып келдик. Ошентип, котормочулар тобу толук түзүлдү. Кытайлык тарыхчыларга Жаркын Турсун, кыргызстандык тарыхчыларга мен жетекчилик кылам.

— Кытайдын архивинен табылган материалдардын көлөмү канча экен?

— Он миң беттен ашуун материал бар. Кыргыздардын тарыхына байланышкан башта эл билбеген көптөгөн жаңы маалыматтар эми чыгат. Ар бир доор боюнча он миң бетти которгондо бери дегенде 10 томдук, же 20 томдук китеп болот. Буга бөлүнгөн 10 миллион сом бир сомдой эле болуп калат. Мындан башка пандемия убагындагы үч жылдын ичинде кытай тарых изилдөө институтунда иштеген окумуштуулар кыргыз тарыхын изилдөөнү токтотпоптур. Алардын арты эки макала, алды төрт макала жазып чыгышыптыр. Эски кытай тилинде жазылган жаңы бир жыйнак даяр болуп калыптыр. Эми аны жаңы кытай тилине которуп, андан кыргыз тилине которушубуз керек. Булардан башка Тайванда жаш окумуштуу бар. Ал “Цин доорундагы бурут кыргыздары” деген китебин чыгарган. Ал китепти дагы биз которо албай келгенбиз. Эми жогоруда айткан Болот деген дасыккан котормочубуз Москвадан келди, ошол жигит которот. Бул китептин ичинде XVIII — XIX жана XX кылымдын баш чениндеги кыргыздардын турмушу, алакамамилеси тууралуу өтө көп маалыматтар бар. Учурда кытайлык көптөгөн окумуштуулар кыргыз тарыхын изилдөөгө кызыкдар. Мисалы, Цунь Хе деген окумуштуу жигит “Манас” эпосун окуп чыгып, аны кытай тарыхынан изилдейм деп белсенип жатат. Ал Жусуп Мамайдын кытай, англис тилдерине которулган “Манас” эпосунда айтылган “Чоң Казат” окуяларында сүрөттөлгөн Кытайдын аймагындагы жер-суу аталыштарын иликтөөгө бел байлап жатат. Ошол аталыштар боюнча экспедиция жүргүзүп жатат. Манастын окуясы качан болгонун архивдик материалдардын негизинде тактап чыкканга аракет кылууда. Цун Хе сыяктуу дагы бир окумуштуу кызыбыз бар. Ал көк түрктөрдүн учурундагы кыргыздарга тиешелүү бир топ баалуу материалдарды таап чыккан. Кечээ барган сапарымда кытайлык кесиптештеримден ушундай жаңылыктарды угуп, абдан кубанычта келдим.

Өмүрбек ТИЛЛЕБАЕВ
№47 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 13-июну

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!