Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы жана «Куран Ордо» диний уюму алгачкы жолу кыз-келиндер арасында «Куран жазы» аттуу республикалык куран жарышы өткөрүлөрүн жарыялады.
Муфтияттын берген маалыматына ылайык, 22-декабрь күнү аймактарда тандоо туру уюштурулуп, жеңүүчүлөр финалга жолдомо алышат. Финал 26-декабрь, жекшемби күнү, Бишкектеги Борбордук мечитте өтөт.
Сынактын жеңүүчүлөрүнө жана байгелүү орундарды ээлегендерге кичи ажылыкка (умра) жолдомо, кызыктыруучу белектер жана акчалай сыйлыктар берилет.
Бул тууралуу толук маалымат алуу үчүн 0770 644 438, 0777 879 501, 0505 286 818 номерлерине чалып, билсе болот.