"Эркин-Тоо"

Кызамык менен ооргандардын саны 3,6 миңге жетти

Республикалык иммунопрофилактика борборунун маалыматы боюнча, 2023-жылдын башынан бери кызамык менен ооруган 3618 учур аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында – 1076 учур, Ош шаары – 333 учур, Ош облусу – 695 учур, Баткен облусу – 96 учур, Чүй облусу – 562 учур, Жалал-Абад облусу – 650 учур, Талас облусу – 95 учур, Ысык-Көл облусу – 72 учур, Нарын облусунда – 39 учур. ⠀

Кызамык менен катталгандардын 88 пайызы 10 жашка чейинки балдар. Анын 87% же 3140 бейтап ар кандай себептер менен эмдөө алган эмес.

Кызамык вирусу эң көп Бишкек, Жалал-Абад жана Чүй облустарында катталууда.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!