"Эркин-Тоо"

Кызамык оорусу көбөйдү. 9 айдан 7 жашка чейинки балдарга кошумча эмдөө жүргүзүлөт

Учурда Чүй облусунда жана Бишкекте балдар арасында кызамык оорусунун көбөйүшүнө байланыштуу 9 айдан 7 жашка чейинки балдарга кошумча кызамыкка каршы эмдөө жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигине Бишкектеги №9 үй-бүлөлүк медицина борборунун директорунун орун басары Диляра Искакова билдирген.

Анын айтымында, календарь боюнча кызамыкка каршы биринчи эмдөөнү 1 жашында, экинчи эмдөөнү 6 жашында алган жана 1 жашка чейинки балдар арасында оору көп катталууда. Ошондуктан эки эмдөө алган балдарды кошумча эмдеп иммунитетин толуктоо зарылчылыгы жаралууда.

“Календарь боюнча 1 жашында биринчи эмдөө алган 70, 75 пайыз балдарда кызамыкка карата иммунитет пайда болот. Калган 25 пайыз балдардын иммунитети төмөн болуп калат. Ошол себептен бир эмдөө алган балдардын ооруп калуу коркунучу жогорураак. Ооруну токтотуу максатында учурда Чүй жана Бишкекте кызамыкка каршы кошумча эмдөө компаниясы уланууда. Кошумча эмдөөнүн календарлык эмдөөгө тиешеси жок. 9, 10, 11 айында кызамыкка каршы кошумча эмдөөнү алган балдар ортодон бир ай убакыт өткөндөн кийин кайра 1 жаштын календарлык кызамыкка каршы эмдөөсүн ала берет. Ал эми 1 жаштын кызамыкка каршы эмдөөсүн алгандан кийин бир айдан кийин кошумча эмдөөнү алганга болот, коркунучтуу эмес”, — деди Диляра Искакова.