"Эркин-Тоо"

Кызамык жуктурган 4800дөн ашуун бала эмдөө алган эмес

Кызамык жуктурган 4800дөн ашуун бала ага каршы эмдөө алган эмес. Ал эң көп Бишкек шаарында жайылууда. Алсак, 2025-жылдын 8-апрелине карата борбор калаада 3187 бала аталган жугуштуу ооруга чалдыккан.

Чүй облусунда 654, Ош облусунда 406, Ош шаарында 312, Баткен облусунда 112, Жалал-Абад облусунда 312, Талас облусунда 147, Нарында 107, Ысык-Көлдө 86 бала кызамык жуктурган.